Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн эки жылдын ичинде 200 млн АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча макулдашышты.
Жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда тиешелүү документке кол коюшту.
Документ соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө, өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн учурда болгон потенциалын ачууга багытталган.
Жетишилген макулдашуу Пакистандын Премьер-министринин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын конкреттүү жыйынтыктарынын бири болуп, эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.