Кыргызстанда Пакистандын капиталы салынган 1400гө жакын ишкана бар
Кыргызстанда Пакистандын капиталы салынган 1400гө жакын биргелешкен ишкана бар. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн ишканаларга колдоо көрсөтүлөт.
“Пакистандын капиталы салынган 1400гө жакын биргелешкен ишканалар бар. Аларга биз тиешелүү шарттарды түзсөк, соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүп берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Металлургия жаатында да Пакистан менен биргелешкен кыргыз ишканалары бар. Алар курулушка керектүү продукцияны чыгарып жатышат. Өндүрүш, текстиль, фармацевтика жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү жогору. Бизге кызыкчылык туудурган медицина жана фармацевтика тармагы болуп саналат. Анткени Пакистандын бул багытта тажрыйбасы да жана ишканалары да бар”, – деди министр.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 16 млн АКШ долларын түзөт. Эми эки өлкө бул көрсөткүчтү 200 млн АКШ долларына жеткирүүнү көздөөдө.