Кырчында элечек жүрүшү уюштурулду
Кырчын жайлоосунда аялзатына таандык болгон улуттук баш кийим — элечектин жүрүшү уюштурулду. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиаштабынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда узундугу 80 сантиметр, диаметри 1,5 метр болгон элечек көрсөтүлдү. Аны даярдоого жалпы 40 метр кездеме сарпталган.
Элечек жүрүшү кыргыз элинин улуттук мурасын, каада-салтын жана аялзатынын ролун даңазалоого багытталды.
Ошондой эле Кырчын жайлоосунда Кыргызстандын эки шаары жана жети облусунун көчмөн айылдары уюштурулуп, анда көчмөн цивилизациясынын тарыхый жана маданий элементтери кеңири тартууланууда.
Көчмөн айылдарда улуттук кол өнөрчүлүк, каада-салт, улуттук оюндар жана кыргыз элинин бай маданий мурасы эл аралык конокторго жана иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлүүдө.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 3-күнү Кырчын жайлоосунда уланууда.