Парламент Максат Асаналиевди УКМКнын төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 2-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Максат Асаналиевди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Максат Асаналиевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындоого макулдук берип, тиешелүү токтом кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар тарабынан Максат Асаналиевди башкы прокурор кызматынан бошотууга макулдук берилген.

Связанный пост