Көчмөндөр оюндарынын ачылышына 30 миңге жакын көрүүчү келди

 Көчмөндөр оюндарынын ачылышына 30 миңге жакын көрүүчү келди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземинде “Бишкек Арена” стадионуна 30 миңге жакын көрүүчү келди. Бул тууралуу оюндардын медиа штабынан билдиришти.

Ачылыш аземинде улуттук салт-санаа, маданият жана заманбап искусство айкалышкан масштабдуу майрамдык шоу тартууланат.

“Уюштуруучулардын маалыматына караганда, салтанат көчмөн элдердин мурасын сактоого жана дүйнөгө жайылтууга багытталган башкы эл аралык иш-чаранын расмий башталышы болот”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост