Ирандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкиан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Терең тарыхый, диний жана цивилизациялык шарттар Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүп келет.
Кубанычка жараша, эки өлкөнүн Евразия биримдигинин жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлдү. Ошол эле учурда, айрыкча экономикалык тармакта, азырынча толук пайдаланылбай келе жаткан олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар жана аларды ишке ашырууга болот”, – деп айтылат куттуктоодо.
Масуд Пезешкиан Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын өкмөтүнө жана элине бакыт-таалай жана өсүп-өнүгүүнү каалады.