Азербайжандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Азербайжандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Бүгүн Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңиз алдында мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө, социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана кеңири масштабдагы курулуш иштеринде олуттуу ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада да чоң абройго ээ болду. Боордош өлкө катары биз Кыргызстандын ийгиликтерине өзүбүздүкүндөй эле кубанабыз.

Салттуу достук жана боордоштук байланыштар менен бекемделген Азербайжан менен Кыргызстандын алакалары жылдан-жылга өнүгүп, жаңы мазмун менен толукталып, союздаштык мамилелердин деңгээлине жеткени бизди кубандырат.

Жакында эле Сиздин меймандос өлкөңүзгө жасаган мамлекеттик сапарым мамлекеттерибиздин тыгыз өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон бекем эркин билдирип, азербайжан-кыргыз мамилелеринин тарыхындагы жаңы этапка негиз түзүү менен кызматташуунун кеңири күн тартибин айкын көрсөттү.

Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы союздаштык мамилелер жана байланыштар биргелешкен аракеттердин негизинде мындан ары да элдерибиздин кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп, бекемделе берет деп ишенем”, – деп айтылат куттуктоодо.

Связанный пост