Тажикстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго жана боордош кыргыз элине Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосун жана каалоо-тилектерди билдирген телеграмма жолдоду.
“Бүгүнкү күндө боордош Кыргызстан Сиздин жетекчилигиңиз астында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бардык тармактарында масштабдуу жыйынтыктарга жетишип, ырааттуу түрдө алдыга жылып жатат. Конструктивдүү аймактык кызматташтык саясатынын жигердүү жактоочусу катары Кыргызстандын эл аралык аренада кадыр-баркы өсүүдө.
Биздин өлкөлөрдү достук, ынак коңшулук жана жакшы мамилелердин тарыхый салттары байланыштырат.
Биздин элдерибиздин өз ара мамилелерин ар тараптуу бекемдөө бүгүнкү күндө да Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын сап башында турат.
Тараптардын биргелешкен аракеттеринин аркасында мамлекеттер аралык өнөктөштүк жана бардык деңгээлдеги диалог ийгиликтүү өнүгүп, акыркы жылдары дагы кеңири мүнөзгө ээ болду. Тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишимге кол коюу мунун айкын мисалы катары саналат”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.