Бишкекте Гепатология борбору курула баштады

Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында адистештирилген Гепатология борборунун пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, “Ильшат” коомдук фондунун негиздөөчүсү Анвар Маметов, медицина кызматкерлери, курулуш компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев белгилегендей, акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында медицина тармагын өнүктүрүүгө, медициналык мекемелерди жаңылоого жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.

“Мурда медициналык мекемелердин абалына байланыштуу жарандардын нааразычылыгы көп айтылып келген. Бүгүн болсо ооруканалар оңдолуп, жаңы, заманбап медициналык объектилердин курулушу активдүү жүргүзүлүүдө. Анткени жарандарыбыз дарылануу үчүн чет өлкөгө барууга мажбур болбошу керек. Элибиз керектүү медициналык жардамды өз өлкөсүндө алууга тийиш”, – деди төрага.

Ошондой эле Марлен Маматалиев калктын саламаттыгы мамлекеттин эң башкы байлыгы экенин белгилеп, жаңы борбор боор ооруларын эрте аныктоого, так диагноз коюуга жана заманбап ыкмалар менен дарылоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Мындан сырткары саламаттык сактоо тармагындагы реформалар медициналык мекемелерди куруу жана оңдоо менен гана чектелбестен, дарыгерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга жана алардын маянасын жогорулатууга да багытталганын баса белгиледи.

“Дарыгерлерибиз бейтаптарды дарылоого бардык күчүн жумшап, күнүмдүк көйгөйлөргө алаксыбай, өз эмгеги менен татыктуу жашашы керек. Акыркы жылдардагы чечимдер ушул максатты көздөйт. Албетте, бул иштердин башталышы гана. Алдыда медицина тармагында дагы көптөгөн маанилүү реформалар жүргүзүлөт”, – деди төрага.

Өз кезегинде демөөрчү тарап жаңы борборду медициналык жабдуулар жана керектүү инвентарлар менен камсыздап, пайдаланууга толук даяр абалда тапшырууга даяр экенин билдирди.

“Бул имарат жөн гана медициналык мекеме болбостон, миңдеген адамдарга үмүт берген, алардын өмүрүн сактап калган куттуу жайга айлансын. Курулуш иштери ийгиликтүү аяктап, борбор элибиздин саламаттыгына узак жылдар бою кызмат кылсын”, – деди Жогорку Кеңештин төрагасы.

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3 100 чарчы метрди түзгөн төрт кабаттуу заманбап имарат курулуп, анда 100 орун каралат. Борбор керектүү медициналык, диагностикалык жана дарылоочу жабдуулар, ошондой эле тиешелүү инвентарлар менен толук камсыздалып, пайдаланууга даяр абалда тапшырылат.

Жаңы борбордо бейтаптарды алгачкы медициналык кароодон өткөрүү, тереңдетилген диагностика жүргүзүү, стационардык жана амбулатордук дарылоо, диспансердик көзөмөл жана андан кийинки медициналык коштоо үчүн комплекстүү шарттар түзүлөт.

Связанный пост