Маматалиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Маматалиев кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Төмөндө төраганын сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу кыргызстандыктар!

Сиздерди Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан 31-август — Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

31-август — элибиздин тарыхындагы эң улуу жана ыйык күндөрдүн бири. Мындан 35 жыл мурда Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялап, эгемен өлкө катары өнүгүүнүн жаңы жолуна кадам таштаган. Бул тарыхый чечим элибиздин кылымдар бою көксөгөн эркиндик идеясын ишке ашырып, мамлекетибиздин жаңы доорун баштаган.

Эгемендүүлүк ата-бабаларыбыздан калган ыйык аманат! Айрыкча мамлекетибиздин көз карандысыздыгын бекемдөө, улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоо жана өнүккөн Кыргызстанды куруу баарыбызды бириктирген башкы максат.

Бүгүн Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги астында өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүп, масштабдуу өзгөрүүлөрдү башыбыздан кечирип жатабыз. Тагыраагы экономиканы чыңдоо, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу, жаңы жолдорду жана стратегиялык объектилерди куруу, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык тармактарды өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Мунун баары эгемен мамлекетибиздин пайдубалын бекемдеп, элибиздин келечекке болгон ишенимин арттырууда.

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай быйылкы Эгемендүүлүк майрамыбыз өлкөбүз үчүн маанилүү эл аралык окуялар менен коштолууда. Дал ушул 31-августта Шанхай кызматташтык уюмунун жыйындары жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат. Бул окуялардын Эгемендүүлүк күнү менен дал келиши өзгөчө символикалык мааниге ээ.

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы жыйындар мамлекеттерибиз ортосундагы саясий диалогду, коопсуздук, соода-экономикалык, транспорттук жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат. Кыргызстандын бул уюмдагы активдүү позициясы өлкөбүздүн эл аралык деңгээлдеги ордун жана кадыр-баркын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз элинин бай тарыхын, улуттук маданиятын, каада-салтын жана көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын дүйнөгө даңазалаган өзгөчө иш-чара. Кыргызстанда жаралган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн элдерди жакындаштырган, маданияттарды байланыштырып, ата-бабалардан калган мурасты кийинки муундарга жеткирген дүйнөлүк деңгээлдеги чоң кыймылга айланды.

Эгемен Кыргызстандын бүгүн ушундай ири эл аралык иш-чаралардын чордонунда болушу мамлекетибиздин дүйнөлүк коомчулуктагы орду бекемделип, өлкөбүзгө болгон кызыгуу жана ишеним өсүп жатканынын белгиси.

Ал эми Жогорку Кеңеш элдин өкүлчүлүктүү башкы органы катары өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформаларды мыйзамдык жактан камсыз кылууга, мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандарыбыздын бакубат жашоосуна шарт түзүүгө багытталган ишин улантат.

Урматтуу мекендештер!

Эгемендүүлүктүн 35 жылдык тарыхы бизге биримдик менен ынтымак мамлекеттин эң чоң күчү экенин айкын көрсөттү. Биздин жалпы мекенибиз Кыргызстан. Анын эгемендигин бекемдөө, тынчтыгын сактоо жана өнүгүүсүнө салым кошуу ар бирибиздин жарандык милдетибиз.

Бүгүн биз ата-бабаларыбыз кыялданган эркин мамлекетте жашап жатабыз. Эми ошол эгемендикти көздүн карегиндей сактап, экономикасы күчтүү, эли бакубат, дүйнөдө татыктуу орду бар Кыргызстанды келечек муундарга өткөрүп берүүбүз керек.

Ала-Тообузда ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, элибиздин ынтымагы бекем болсун! Ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, бекем ден соолук, молчулук жана береке каалайм.

Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!

Эгемен Кыргызстандын кызыл туусу түбөлүк желбирей берсин!”

Связанный пост