Ысык-Көлдө 2 инспектор жасалма диплом менен иштеп жүргөн
Ысык-Көл аймактык транспорт башкармалыгында эки жаран жасалма диплом менен инспектор болуп иштеп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, алар жумушка орношууда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин атынан берилген жогорку билим тууралуу дипломдорду көрсөтүшкөн.
“Текшерүүдө аталган жарандар бул окуу жайларда окубаганы жана көрсөткөн дипломдорунун жасалма экени тастыкталган”, – деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.