Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кантип сатып алууга болот?
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттерди Улуттук электрондук билет тутуму аркылуу онлайн же расмий кассалардан сатып алууга болот. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиаштабынан билдиришти.
Электрондук билетти nebs.gov.kg сайтынан каттоодон өтүп, иш-чараны, секторду жана орунду тандап, төлөм жүргүзүү менен сатып алууга болот. Төлөм Visa, MasterCard, “Элкарт” карталары жана ELQR аркылуу кабыл алынат.
“Офлайн билет сатуу 27-августтан башталат. Билеттер Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплексинде, ипподромдогу эки расмий кассада жана Бостери айылындагы “Дордой Номад” амфитеатрында сатылат”, – деп айтылат маалыматта.
Иш-чара өтүүчү күнү кирүү үчүн электрондук же кагаз түрүндөгү билет көрсөтүлөт. Электрондук билетти алдын ала смартфонго сактап алуу сунушталат.
Белгилей кетсек, Кырчын капчыгайындагы иш-чараларга жана Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын музейине кирүү акысыз.