Монголия президенти Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.
Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бишкек шаарында Кыргызстанда аккредитацияланган Монголиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Тэгшжаргал Дэмчигдин ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун алдыдагы ШКУ жана ШКУ+ саммиттерине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келишин чоң кубаныч менен күтүп жатканын белгиледи.