Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан жана кантип сатып алса болот?

 Көчмөндөр оюндарына билеттерди кайдан жана кантип сатып алса болот?

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын 1–6-сентябрда өтө турган акы төлөнүүчү иш-чараларына билеттерди онлайн жана офлайн сатып алууга болот.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, онлайн билет алуу үчүн Улуттук электрондук билет системасынын nebs.gov.kg расмий сайтына кирип, каттоодон өтүп, керектүү иш-чара менен орунду тандап, төлөм жүргүзүү зарыл. Төлөм Visa, MasterCard, ЭЛКАРТ карталары жана ELQR аркылуу кабыл алынат.

“27-августтан тарта билеттерди Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык комплексинин кассасынан, ат майдандагы эки расмий билет сатуу түйүнүнөн жана Бостери айылындагы “Дордой Номад” амфитеатрынын кассасынан сатып алууга болот”, – деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кырчын капчыгайындагы иш-чараларга жана Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизациясы музейине кирүү акысыз.

Уюштуруучулар электрондук билеттин QR-кодун башка адамдарга бербөөнү жана аны социалдык тармактарга жарыялабоону эскертет.

Связанный пост