Көчмөндөр оюндарынын ачылышы: Бишкектеги фан-зоналардын даректери жарыяланды

 Көчмөндөр оюндарынын ачылышы: Бишкектеги фан-зоналардын даректери жарыяланды

Бишкек шаарында 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында шаар тургундары жана меймандары үчүн фан-зоналар уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул жайларда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин жана эл аралык саммиттин негизги иш-чараларын түз эфирде көрүүгө болот.

Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Мындан тышкары, түз эфирлерди көрүү үчүн борбор калаанын төрт районунда тең атайын аянтчалар уюштурулат.

Октябрь району:

  • Тунгуч кичи районундагы “Тунгуч-1” сквери;
  • “Ынтымак-2” паркынын амфитеатры.

Ленин району:

  • Фучик атындагы парк;
  • Ак-Өргө  конушундагы “Ашар” паркы;
  • Жал кичи районундагы “Муун” сквери.

Биринчи май району:

  • Ч. Түлөбердиев атындагы парк — Көкчөтай жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорт комплекси;
  • Ак-Босого конушундагы сквер — Чүй көчөсү, 52.

Свердлов району:

  • “Алга” спорт комплекси — Үсөнбаев көчөсү, 200/1;
  • №66 орто мектеп — Восток-5 кичи району, 1а;
  • №21 орто мектеп — Энесай 1-көчөсү, 1.

Белгиленгендей, түз эфирлер башталганга чейин коноктор үчүн кыргыз эстрада ырчыларынын жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программалар тартууланат. Ошондой эле аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө жайлары, фуд-корттор жана эс алуу зоналары иштейт.

Коноктор үчүн улуттук оюндардан — тогуз коргоол, чүкө жана беш таштан — турган интерактивдүү программа да даярдалат.

Фан-зоналардын иштөө убактысы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити жакындаганда кошумча жарыяланат.

Связанный пост