“Бишкек Аренага” эмнелерди алып кирүүгө болбойт? Тыюу салынган буюмдардын тизмеси

 “Бишкек Аренага” эмнелерди алып кирүүгө болбойт? Тыюу салынган буюмдардын тизмеси

“Бишкек Арена” стадионунун администрациясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмесин жарыялады.

Ага төмөнкүлөр кирет:

  • баңгизат жана башка тыюу салынган заттар;
  • тамеки, IQOS, насвай жана алардын аналогдору;
  • сагыз;
  • айнек бөтөлкө, банка, термос жана башка катуу жана сынуучу идиштер;
  • алдын ала уруксат алынбаган кесиптик сүрөт жана видеокамералар, дрондор жана башка жабдуулар;
  • чоң рюкзак, сумка, чемодан жана башка көлөмдүү жүктөр;
  • сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктар;
  • курал-жарак, сайгыч, кескич жана башка кооптуу буюмдар;
  • аэрозолдук жана газ баллондору, тез күйүүчү суюктуктар жана башка кооптуу заттар;
  • пиротехникалык каражаттар, фейерверктер жана сигнал берүүчү каражаттар;
  • тиешелүү уруксаты жок радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары;
  • музыкалык аспаптар, ышкырыктар, мегафондор жана башка катуу үн чыгаруучу каражаттар.

Белгиленгендей, жогоруда аталган буюмдардын бардыгы кире бериштен алынат.

Связанный пост