Электрондук кызмат көрсөтүү: Чет өлкөлүк компаниялар каттоодон өтүүгө тийиш
Кыргызстандын резиденттерине электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдар салык органында милдеттүү түрдө салыктык каттоодон өтүүгө тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Салык кодексине ылайык, электрондук кызматтарга программалык камсыздоо, онлайн-оюндар, интернет тармагында жарнама жайгаштыруу, хостинг жана маалыматтарды сактоо кызматтары, санариптик контентке жеткиликтүүтү камсыз кылуу жана башка ушул сыяктуу кызматтар кирет.
Чет өлкөлүк уюмдардын электрондук кызматтарды көрсөтүүсү Кыргызстандын аймагында туруктуу мекеменин түзүлүшүнө алып келбейт.
Ошол эле учурда мындай уюмдар салыктык каттоодон өтүп, салык мыйзамдарында каралган милдеттенмелерди аткарууга тийиш.
Салыктык каттоо vat.salyk.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт жана ошол эле учурда кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо болуп эсептелет.
Салыктык каттоодон өтүү жөнүндө арызды өлкө аймагында ишкердикти баштаганга чейин берилиши керек.
Учурда электрондук кызмат көрсөтүүчү 73 чет өлкөлүк компания салыктык каттоодон өткөн. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын резиденттеринен сезилээрлик киреше алып, бирок милдеттүү салыктык каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк уюмдар да аныкталган.
Ири көлөмдөгү акча жүгүртүүлөр аныкталды
Cалык кызматы коммерциялык банктар менен биргеликте жүргүзгөн акча которуулар боюнча маалыматтарды талдоонун алкагында ири финансылык жүгүртүүгө ээ болгон 11 чет өлкөлүк компанияны аныктады. Алардын арасында:
- Alibaba Group Holding Limited (1688);
- Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. (Pinduoduo);
- Twitch Interactive, Inc.;
- Microsoft Corporation;
- Valve Corporation;
- Sony Interactive Entertainment LLC;
- Epic Games Inc.;
- Electronic Arts Inc.;
- VK Company Limited;
- Telegram FZ-LLC;
- Dropbox Inc.
2024–2025-жылдар аралыгында гана аталган компанияларга 15,9 миллионго жакын акча которуу жүргүзүлүп, алардын жалпы суммасы 13,2 миллиард сомго жакын каражатты түзгөн.
Акча которуулардын эң ири көлөмү төмөнкү компанияларга туура келген:
- Shanghai Xunmeng Information Technology Co., Ltd. — 8,89 млрд сом;
- Alibaba Group Holding Limited (1688) — 2,83 млрд сом;
- Microsoft Corporation — 1,01 млрд сом.
“Салыктык башкаруунун алкагында компанияларга салыктык каттоодон өтүү жана салыктык милдеттенмелерди аткаруу тартиби боюнча бир нече жолу расмий каттар жөнөтүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр берилген. Мындан тышкары, тийиштүү кайрылуулар Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары аркылуу дагы жөнөтүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин компаниялар тарабынан расмий кайрылууларга жооп берилген эмес. Ошол эле учурда алар өлкө аймагында салыктык каттоодон өтпөстөн ишмердүүлүгүн улантып жатышат”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, аталган компанияларга салык мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгы тууралуу расмий эскертүүлөр берилди. Мындан ары дагы салыктык милдеттенмелер аткарылбаса салык органдары мыйзамда каралган чараларды кабыл алат. Анын ичинде тиешелүү компаниялардын электрондук сервистерине Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнү чектөө маселеси боюнча тийиштүү органдарга кайрылууну демилгелейт.
Салык кызматы резиденттерге электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдарды салык мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана өз убагында салыктык каттоодон өтүүгө чакырат.