Садыр Жапаров: Камчыбек Ташиев кызматка келбейт, эс алышы керек

 Садыр Жапаров: Камчыбек Ташиев кызматка келбейт, эс алышы керек

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишине эмне себеп болгонун айтты.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев атайын кызматтын башчысы болуп жакшы иштеп бергенин, бирок кемчиликтери аныкталгандыктан, кызматынан алынганын билдирди.

“Камчыбек Ташиевди атайын кызматтын башчысы кылып дайындадым. Жакшы иштеп берди. Бир кемчилиги жакындарын, классташтарын дейбизби, ошолорго жакшы көз сала албай, көзөмөлдөй албай калганы үчүн кызматтан кетти. Дагы анча-мынча кемчиликтери бар дегендей. Адам болгондон кийин кемчилик болбой койбойт, жаңылабыз. Дос бойдон кала берет. Кызматка алып келейин деген планым жок. Эми ал эс алышы керек. Балким, өткөн-кеткенге саресеп салып, ката кетирген учурларын эстеп түшүнөр деп ойлойм.

Жалаң эле каталарды кетирди дегенден алысмын. Эмгеги бар, аны эл деле көрүп турат. Ийгиликтерге жеткенибизде анын кошумчасы бар. Берилген тапшырманы чагылгандай тездик менен ошол күнү аткарып, ошол күнү кечинде жооп берет. Мен акыркы эки жылдан бери какшап айтып жаткам. Эл арасында криминалдын мүлкүнүн жарымын алып, жарымын менчиктеп алууда, кустургандардын жарымын кустуруп, жарымын чөнтөгүнө кустуруп жатат деген сөз бар деп айткам. Андан кийин мен текшерттим, таптаза экен деп эле келет. Кызматтан алгандан кийин, мен ката кетириптирмин, ишенип туруп алыпмын деп айтты”, – деди өлкө башчысы.

Связанный пост