Кара-Балтада азот кычкылынын көрсөткүчү нормадан 3,9 эсеге ашкан
Экологиялык мониторинг департаменти Кара-Балта шаары жана Ново-Николаевка айылында атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүздү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, изилдөө тургундардын кайрылуусунун негизинде бир катар көчөлөрдө жүргүзүлүп, абадан үлгүлөр алынды.
Натыйжада Кара-Балтанын Кыргызстанга 40 жыл көчөсүндө азот кош кычкылынын концентрациясы чектүү жол берилген көрсөткүчтөн 3,9 эсеге, Ново-Николаевка айылынын Москва көчөсүндө 1,9 эсеге жогору экени аныкталды.
Калган текшерилген аймактарда көрсөткүчтөр белгиленген чектен ашкан эмес.
Изилдөөнүн жыйынтыктары тиешелүү чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдарга жөнөтүлдү.