Бишкекте 21 социалдык көмүр кампа уюштурулууда
Бишкек шаарында 21 социалдык көмүр кампа уюштурулуп, учурда көмүрдү кезек күтпөй сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору Рустамбек Садыралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Маалымдалгандай, азыр көмүр сатыкта кеңири көлөмдө бар жана эч кандай кезек күтүүлөр жок. Бирок, “Кыргызкөмүр” тарабынан жарандар үчүн көмүр сатып алууда атайын жеңилдиктер каралган эмес.
“Бизде социалдык коргоо программаларыбыз жок, “Кыргызкөмүр” жөн гана көмүр казуучу ишкана. Жарандарга көмүр алууда кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү берүү боюнча жеңилдиктер каралган эмес”, — деди ал.
Садыралиев көмүрдүн баасы аны казып алуудагы чыгымдарга жараша белгиленерин түшүндүрүп өттү. Анын айтымында, учурда Кара-Кече көмүр кенинде иш күнү-түнү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, 285 техника жана миңге жакын адам 24 саат бою эмгектенүүдө.
“Көмүр тоонун ичинен казып алынгандыктан, биринчи тоо кыртышын алып, жардырып, тазалап, анан барып көмүргө жетебиз. Көмүр ачык эле жерде жатып, биз аны сузуп эле унаага салбайбыз”, — деди “Кыргызкөмүрдүн” башкы директору.
Ал бир тонна көмүр алуу үчүн анын үстүндөгү 8-11 куб метрге чейин жер кыртышын алып салуу керектигин айтты.
“Быйыл план койгондой 1 млн 500 миң тонна көмүр алуу үчүн 13-14 млн куб метр жер кыртышын, башкача айтканда, чоң бир тоону алышыбыз керек. Андан соң, көмүргө жетебиз”, — деди Садыралиев.
Белгиленгендей, көмүрдү сатуу баасына жумушчулардын эмгек акысы, техниканы кармоо, күйүүчү май жана башка сатып алууларга кеткен чыгымдар кирет.
“Биз чынында көмүрдү саткан баадан ашыкча пайда деле көрбөйбүз. Жумушчуларга эмгек акы төлөө, техниканы кармоо, күйүүчү май алуу маселеси, андан тышкары сатып алуу менен коштолгон көптөгөн чыгымдар бар”, — деди ал.
Белгилей кетсек, өткөн жылы көмүрдүн тоннасы 6 миң 600 сомдон сатылса, быйыл баасы 7 миң сом деп белгиленген.