Кыргызстанга бажы алымсыз дагы 10 миң электромобиль алып кирүүгө уруксат берилди
Кыргызстанда электромобилдерди бажы алымсыз алып кирүүгө берилген квота 15 миңден 25 миң даанага чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү кошумча 10 миң транспорт каражатын бажы алымын төлөбөстөн алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Тиешелүү чечим Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Кошумча квота 2026-жылдын 17-августунан тартып күчүнө кирет.
Министрликтин маалыматына ылайык, квотанын көбөйүшү экологиялык жактан таза транспорт каражаттарын импорттоону кеңейтүүгө, ички рыноктун керектөөсүн камсыздоого жана электромобилдердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Тарифтик жеңилдик белгиленген талаптар сакталган учурда Кыргыз Республикасында ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылган электромобилдерге карата колдонулат.
Ошондой эле мындай транспорт каражаттарына ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун Россиянын же Казакстандын жарандарына, бул өлкөлөрдө туруктуу жашаган адамдарга, ошондой эле аталган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Министрлик бул чечим өлкөнүн автопаркын жаңылоого, электр транспортун өнүктүрүүгө жана жашыл экономикага өтүү багытындагы иштерди улантууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.