Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 216 МВтка чейин жогорулайт

 Үч-Коргон ГЭСинин кубаттуулугу 216 МВтка чейин жогорулайт

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык иштер 2026-жылдын аягына чейин жыйынтыкталып, станциянын кубаттуулугу 198 МВттан 216 МВтка чейин жогорулайт.

Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин №3 жана №4 гидроагрегаттар модернизацияланып, ар биринин кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлгөн.

Иштер аяктагандан кийин станциядагы төрт гидроагрегат тең толугу менен жаңыланат. Модернизация ГЭСтин ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатып, жабдуулардын эксплуатациялык мөөнөтүн узартууга шарт түзөт.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарыясында, Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Станция 1961-1962-жылдары ишке берилген. 60 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жаткан ГЭСте бул негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы ири масштабдуу модернизация болуп саналат.

Связанный пост