Кыргызстанда 40 райондо ооруканалар жаңыланат
Кыргызстанда 40 райондо ооруканалар жаңыланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.
Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу максатында иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.
“Жалпысынан 40 райондо ооруканалар жаңы курулат же оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Жабдуулар боюнча да маселелер бар экен. Жабдууларга акча каражаты бөлүнүп берилип жатат. Көпчүлүгүн быйыл чече албасак дагы, эмки жылдын бюджетине киргизип маселени чечишибиз керек. Элибиздин ден соолугу биз үчүн маанилүү”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы.