4-августка карата Кыргызстандагы күйүүчү майлардын баасы
Бааларды турукташтыруу иштеринин алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымдады.
Ага ылайык, 4-августка карата Кыргызстандагы Аи-92, Аи-95, дизелдик отун, суюлтулган жаратылыш газына болгон баалар көрсөтүлдү.
- Аи-92 – 86,9 сом;
- Аи-95 – 109,9 сом;
- дизелдик отун – 99,9 сом;
- суюлтулган жаратылыш газы – 48,8 сом.
