Бишкекте токко урунуп каза болгон баланын окуясы боюнча иш козголду
Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашы жете элек баланын электр тогуна урунуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда саат болжол менен 20:13тө Октябрь райондук сотунун имаратынын маңдайында жашы жете элек бала электр тогуна урунганы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси (“Тоо-кен, курулуш же башка иштерде коопсуздук эрежелерин бузуу”) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын толук жана объективдүү аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө жана процессуалдык иш-чараларды жүргүзүүдө. Тергөө жыйынтыгы боюнча тиешеси бар бардык адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бул кайгылуу окуя 26-июлда Бишкек шаарынын 6-кичи районундагы Айтиев көчөсүндө болгон. Тогуз жаштагы бала башка балдар менен бирге жол жээгиндеги бетон арыкта ойноп жаткан учурда электр тогу урган.
Балдардын айрымдары кооптуу жерден убагында алыстап кетип, бири-бирин эскерткенге жетишкен. Бирок, тогуз жаштагы бала качууга үлгүрбөй, электр тогуна урунган.
Окуядан кийин ал ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Кийинчерээк жабырлануучунун апасы социалдык тармактар аркылуу уулу каза болгонун билдирген.