Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Президент Садыр Жапаровго Азербайжандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды
Бүгүн, 31-июлда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Азербайжан Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды.
Салтанаттуу аземде сүйлөгөн сөзүндө Ильхам Алиев Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын жетишкен олуттуу ийгиликтерине токтолуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан динамикалуу өнүгүүсүн, республиканын бардык аймактарында жүрүп жаткан кеңири масштабдуу өзгөрүүлөрдү, ошондой эле анын эл аралык аброюнун бекемделишин баса белгиледи.
Ал өзгөчө Ысык-Көл аймагынын тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, мынчалык кыска убакыт аралыгында мындай масштабдагы өзгөртүүлөр буга чейин болбогонун айтты. Азербайжандын Президенти болуп жаткан өзгөрүүлөр Садыр Жапаровдун көрөгөч саясатынын, элине болгон берилгендигинин жана Кыргызстанды өнүгүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгарууга болгон умтулуусунун жыйынтыгы экенин белгиледи.
Ильхам Алиев ошондой эле Азербайжан Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын айтты. Бул эмгегин таануунун белгиси катары ал Кыргызстандын Президентине Азербайжан Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды.