Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга чейин төмөндөдү

 Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга чейин төмөндөдү

Бүгүн, 29-июлда Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча пландын долбоорун талкуулоого арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун тегерек столу болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, программанын артыкчылыктуу багыттары катары аймактарда иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаңы жумуш орундарын түзүү, ошондой эле эмгек миграциясы жана ички эмгек рыногуна кайтып келген жарандарды реинтеграциялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү белгиленген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирлан Байгончоков белгилегендей, бул документ калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган мамлекеттик саясаттын негизги инструменттеринин бири болуп калат.

Анын айтымында, жакырчылыкты кыскартуу социалдык колдоо чаралары менен гана чектелбестен, жаңы жана сапаттуу жумуш орундарын түзүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө негизделиши керек.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24 пайызга чейин төмөндөдү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайызга аз.

Тегерек столдо айтылган катышуучулардын сунуштары өлкөдө 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча программанын долбоорун толуктап иштеп чыгууда эске алынарын министрликтен кошумчалашты.

Связанный пост