Садыр Жапаров “Келечек оюндары – 2026” турниринин ачылышына катышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Астана шаарында өткөн эл аралык мультиспорттук “Келечек оюндары – 2026” мелдешинин ачылыш аземине катышты.
Иш-чарага Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон катышты.
Касым-Жомарт Токаев мелдештерди ачып, сөз сүйлөдү. Ошондой эле Россия Президенти Владимир Путин видеокайрылуу аркылуу катышуучуларга салам жолдоду.
29-июлдан 9-августка чейин өтө турган беттештерге 34 өлкөдөн сегиз инновациялык дисциплина боюнча келген 800дөн ашуун спортчу катышат.