Экономика министрлиги жана Wildberries ишкерлерге компенсация төлөөнү талкуулады

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун төрагалыгы алдында Wildberries компаниясынын башкы жана Кыргызстандагы өкүлдөрү, ошондой эле өлкөнүн тигүү жана жеңил өнөр жай ассоциацияларынын, сатуучулардын жана жүк ташуучулардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жолугушууда Россиядагы кампаларда жабыркаган товарлар үчүн компенсация төлөө, логистикалык процесстерди калыбына келтирүү, сатуучуларды колдоо жана Кыргызстанда электрондук коммерцияны мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

Ошондой эле Wildberries компаниясы тармактык ассоциациялар менен биргеликте координациялык штаб түзгөнүн билдирди. Анын негизги милдеттери сатуучулар менен даректүү иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, компенсация, төлөмдөр жана сакталып калган товарларды алып чыгуу боюнча маселелерди коштоо, ошондой эле келип чыккан башка көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.

Министрлик учурда ата мекендик ишкерлерди, анын ичинде тигүү тармагындагы ишканаларды колдоого багытталган кошумча мамлекеттик чараларды иштеп чыгууда. Бул чаралар ишкерлердин финансылык жүгүн жеңилдетүүгө багытталат.

Wildberries компаниясынын өкүлдөрү жабыр тарткан сатуучуларга алгачкы жарым-жартылай компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлө баштаганын маалымдашты. Алардын айтымында, келтирилген зыян толук баалангандан кийин компенсацияларды эсептөө механизми жана кийинки аракеттердин тартиби сунушталат.

Ошондой эле компания Кыргызстан алардын артыкчылыктуу рынокторунун бири бойдон каларын белгилеп, өлкөдөгү бардык бизнес-процесстер кадимки тартипте улантылып жатканын билдирди. Азыркы учурда негизги көңүл логистикалык чынжырларды калыбына келтирүүгө, кампалардагы товарлардын калдыктарын баалоого жана Россиядагы окуялардан жабыркаган сатуучулар үчүн тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууга бурулуп жатканы айтылды.

Жолугушууда андан сырткары, жүктөрдү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү, Кыргызстандагы кампалык инфраструктураны өнүктүрүү, FBS модели боюнча иш жүргүзүү, фулфилмент-өнөктөштөр менен кызматташуу, товарларды кампалар арасында бөлүштүрүү жана платформанын ишин өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Связанный пост