“Жусуп” тарыхый көркөм тасмасы жарык көрдү

 “Жусуп” тарыхый көркөм тасмасы жарык көрдү

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясында көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана мамлекеттик ишмердигине арналган “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасма тартылды.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, тасманын режиссеру – Таалайбек Кулмендеев. Кинодолбоор Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Тасманын улуттук бет ачары 25-августка белгиленип, ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат.

“Жусуп” тасмасы XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды көркөм чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун, элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт.

Тартуу иштери Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.

Связанный пост