Өлкөгө мыйзамсыз алынып келген 1,4 млн сомдук товарлар аныкталды
Өлкөгө 1,4 млн сомдук товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга үй буюмдарын ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа текшерилген.
Текшерүү маалында унаадан тиешелүү коштомо документтери жок, эсепке алынбаган эл керектөөчү товарлар табылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мыйзамсыз алып келинген товарлардын жалпы баасы 1 млн 400 миң сомдон ашат.
Учурда аталган факты боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктарды өндүрүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.