Тигүү тармагы менен маркетплейс ишкерлерине салыктык жеңилдик сунушталды

Мамлекеттик салык кызматы тигүү тармагынын өкүлдөрү, эл аралык маркетплейстер аркылуу соода жүргүзгөн соодагерлер жана мамлекеттик органдардын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Аталган кызматтан билдиришкендей, жыйында эл аралык маркетплейстердин ири логистикалык борборлорундагы үзгүлтүктөрдүн кесепетинен жаралган кырдаал талкууланды. Катышуучулар белгилегендей, бул көйгөй маркетплейстер аркылуу товар экспорттогон ата мекендик ишкерлердин ишмердүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизип, мамлекеттик колдоонун ыкчам чараларын көрүүнү талап кылууда.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун айтымында, ишкерлерге болгон салыктык жүктү азайтуу жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо максатында тигүү тармагындагы ишканалар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 0 пайызга түшүрүү сунушталууда. Учурда бул тармак үчүн бирдиктүү салыктын өлчөмү түшкөн кирешенин 0,25 пайызын түзөт.

Мындан тышкары, эл аралык жана башка маркетплейстер аркылуу товар саткан ишкерлер үчүн да учурдагы 2 пайыздык бирдиктүү салыкты убактылуу 0 пайызга түшүрүү сунушу киргизилди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө маркетплейстер аркылуу өлкөдө 30 миңге жакын ишкер иш алып барат жана алардын саны жыл сайын өсүүдө. Сунушталып жаткан жеңилдиктер ата мекендик өндүрүштү жана экспортту колдоого, жумуш орундарын сактап калууга, ошондой эле электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

Ошондой эле Экономика жана коммерция министрлиги логистикалык инфраструктурадагы үзгүлтүктөрдөн жабыркаган ишкерлердин санын тактоо иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Жыйындын жүрүшүндө тигүү тармагы үчүн жеңилдетилген пайызсыз насыялоо программалары мурдагыдай эле күчүндө экени белгиленип, салыктык жеңилдиктерден тышкары кошумча мамлекеттик колдоо чараларын көрүү мүмкүнчүлүгү да каралып жатканы айтылды.

Жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга кароого жана чечим кабыл алууга жөнөтүлөт.

Связанный пост