Овербукингге расмий тыюу салынды
Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпаниялар үчүн овербукинг практикасына тыюу салат.
Мекеменин маалыматына ылайык, агенттик жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатына коюлган талаптарды күчөтүп, Кыргызстан менен кызматташкан жана Кыргыз Республикасынын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпанияларга овербукинг практикасын колдонууга милдеттүү түрдө тыюу салат.
Бул чечим жүргүнчүлөрдүн укуктарын коргоо, авиациялык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана тастыкталган авиабилети бар жүргүнчүлөрдү ташуудан баш тартуу учурларын болтурбоо максатында кабыл алынды.
Овербукинг – бул авиакомпаниянын аба кемесиндеги орундардын санынан ашыкча билеттерди сатуу практикасы. Мындай ыкма айрым өлкөлөрдө кеңири колдонулганына карабастан, көп учурда жүргүнчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна алып келип, аларды кийинки каттамды күтүүгө, пландарын өзгөртүүгө жана кошумча чыгымдарды тартууга аргасыз кылат.
“Буга байланыштуу Кыргызстандын аэропорттору аркылуу каттамдарды аткарган бардык авиакомпанияларга жүргүнчүлөр үчүн орундарды ашыкча брондоо практикасын колдонбоо жана сатылган авиабилеттердин саны аба кемесинин иш жүзүндөгү орундарынын санына толук шайкеш келишин камсыз кылуу талабы коюлат.
Учак техникалык же башка себептерден улам орундарынын саны азырак учакка алмаштырылган учурда, авиаташуучу жүргүнчүгө төмөнкү тандоолордун бирин сунуштоого милдеттүү: жүргүнчүнүн макулдугу менен гана ташуу шарттарын өзгөртүп, аны мүмкүн болгон эң жакынкы каттам менен жөнөтүү же авиабилеттин наркын толук кайтарып берүү.
Авиакомпанияларга мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө билет сатуу боюнча ички жол-жоболорун жаңы талаптарга ылайык келтирүү жана кызматкерлерге тиешелүү нускамаларды өткөрүү тапшырылды”,-деп айтылат маалыматта.