4- декабрь “Манас күнүнө” карата бир катар иш-чаралар уюштурулат

 4- декабрь “Манас күнүнө” карата бир катар иш-чаралар уюштурулат
Жыл сайын 4- декабрь “Манас” эпосу күнүнө карата  бир катар иш-чаралар уюштурулуп келет.
Быйыл бул күнгө карата “Манас” театры Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен манасчы Калманбет уулу Токтогулдун 170, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150, манасчы Көкчеке- Мамбетаалы Ашымбай уулунун 125, манасчы Турдумамбет Акматалиевдин 100, КР эмгек сиңирген артисти, семетейчиси Сейдене Молдокееванын 100, КР эл артисти, манасчы Шаабай Азизовдун 95 жылдыгына карата арнайт.
2- декабрда саат 14:00 дө КР эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өтөт.
3–декабрда саат 14:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз-Салимбай” аттуу китептеринин бет ачары өтөт.
4- декабрь күнү саат 15:00 дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында “Айкөлдүн аманаты” спектаклинин премьерасы коюлат.
Ошондой эле “Манас күнүнө” карата сүрөт көргөзмө, тегерек стол жана башка иш-чаралар республикалык, облустук жана райондук музейлерде, китепканаларда 2022- жылдын аягына чейин өткөрүлөт.
Андан тышкары “Манас күнүнө” арналган тематикалык фильимдер республиканын бардык театрларында жыл аягына чейин көрсөтүү милдеттендирилет.

Связанный пост