Залкар жазуучу Айтматовдун 100 жылдыгы мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленет

 Залкар жазуучу Айтматовдун 100 жылдыгы мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленет

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракеси мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде белгиленет. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев мааракеге карата уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.

Министр белгилегендей, мамлекеттик деңгээлдеги 25 жана эл аралык деңгээлде 7 иш-чара өткөрүлөт. Алар маданий, илимий, билим берүү, дипломатиялык, маалыматтык жана инфраструктуралык иш-чараларды камтыйт.

“Маданият министрлиги тарабынан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин арасында 2028-жылды Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыялоо демилгеси көтөрүлдү. Андан сырткары, эл аралык деңгээлде ЮНЕСКОнун, БУУнун алкагында маданий иш-чараларды өткөрүү каралууда”, — деди Мирбек Мамбеталиев.

Связанный пост