Касымалиев мамлекеттик органдардын тапшырмаларды аткаруу жоопкерчилигин эскертти
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Отурумда алгач Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планынын биринчи жарым жылдыгынын аткарылышынын жыйынтыктары каралып, Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын баяндамасы угулду.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Иш-аракеттер планынын аткарылышы 80 иш-чаранын негизинде бааланды. Мамлекеттик органдарга берилген тапшырмалардын аткарылышындагы ийгиликтери менен бирге кемчиликтери да айтылып, маселелер талданып, алардын себептери аныкталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Бул багытта МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планы бул – мамлекеттин өнүгүүсүнүн негизги стратегиялык документи экенин, ар бир тапшырма, ар бир иш-чара жана ар бир көрсөткүч 2030-жылга белгиленген жалпы мамлекеттик максаттарга жетүүнү жакындатаарын, ошол себептүү берилген тапшырмаларды толук жана жогорку деңгээлде ишке ашырууну белгиледи. Жылдын аягында 670 иш-чара боюнча баалоо жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жоопкерчилиги каралаары белгиленди.
Ошондой эле, Кыргызстандын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн 2026–2030-жылдарга карата экспорттук жана маркетингдик стратегияны бекитүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору каралып, жактырылды. Чечимдин максаты фармацевтика, зергерчилик жана эмерек өнөр жайынын продукциясынын, ошондой эле айыл чарба продукциясынын экспортун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.
Мындан тышкары, энергетика тармагындагы маселелер каралып, тиешелүү мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмалар берилди.
Отурумда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев алдыда Кыргызстан ири масштабдагы эл аралык жана мамлекеттик маанидеги бир катар иш-чараларды өткөрөөрүн кошумчалап, ошол себептүү бардык Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн өзгөчө жоопкерчилик менен иш алып барууга чакырды.