Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жаңы рекорд жаратты
Кыргызстанда аномалдуу ысыктан улам электр энергиясын керектөө боюнча антирекорд катталды. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Абанын температурасынын аномалдуу жогорулашынан улам өлкө аймагында электр энергиясын керектөөнүн болуп көрбөгөндөй өсүшү катталды.
Маалыматка ылайык, 19-июлдун жыйынтыгы боюнча суткалык керектөө жаңы тарыхый максималдуу чекке жетип, 50 млн 122 миң кВт/саатты түздү. 2025-жылдын 19-июлунда бул көрсөткүч 42 млн 514 миң кВт/саатты түзгөн.
“Ошентип, суткалык электр энергиясын керектөө 7 млн 608 миң кВт/саатка же 18%га өстү, бул аномалдуу ысыктан улам кондиционерлерди массалык түрдө колдонууга байланыштуу өлкөнүн энергетика тутумуна рекорддук күч келгенин тастыктайт”, – деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө ашыкча жүктөмдөрдөн улам аймактын энергетикалык тутумунун жабдуулары өз мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат. Абанын температурасы +45 °C болгондо электр берүү чубалгыларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25%га чейин төмөндөйт, буга байланыштуу айрым тилкелерде жол берилген техникалык ченемдерден ашуу фактылары катталган.
Жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында энергетиктер эң жогорку жүктөм байкалып жаткан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында убактылуу алдын алуучу жөнгө салуу чараларын киргизүүгө мажбур болууда.
“Бул чаралар аргасыздан көрүлүүдө жана убактылуу мүнөзгө ээ. Мындагы негизги максат системалык аварияга жол бербөө жана негизги жабдуулардын иштен чыгуусун алдын алуу болуп саналат. Жөнгө салуу аймактарындагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын убактылуу өчүрүү мөөнөтү эки сааттан ашпайт”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, учурда адистер ыңгайсыздыктарды болушунча азайтуу жана кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн мүмкүн болгон бардык техникалык чараларды көрүп жатышат. Энергетиктер жарандарды түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат жана күндүзгү эң жогорку жүктөм сааттарында электр энергиясын болушунча үнөмдөөнү суранат.