Бишкекте абанын температурасы боюнча жаңы рекорд катталды

 Бишкекте абанын температурасы боюнча жаңы рекорд катталды

Бишкек шаарында 17-июлдан 19-июлга чейинки мезгилде жаңы температуралык рекорддор катталды.

Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, 17-июлда абанын максималдуу температурасы +41,6 °Сге жетип, 2015-жылы катталган бул күндүн рекордунан (+39,5 °С) ашып кетти.

18-июлда аба +43,2°С чейин ысып, бул 1997-жылы катталган +41,3°С максимумунан жогору болду. Ошондой эле 19-июлда эң жогорку температура +43,5°С болуп, 2019-жылы белгиленген +40,8°С рекордду жаңылады.

Мындан тышкары, 18-19-июлдагы температура Бишкектеги метеорологиялык байкоолордун тарыхындагы июль айынын абсолюттук максимумунан ашып кетти.

“Буга чейин эң жогорку температура +42,8°С болуп эсептелген, ал 1983-жылдын 30-июлунда катталган. Мындай экстремалдык жогорку температуралар Борбор Азиянын түштүк аймактарынан өтө ысык аба массаларын алып чыгып, атмосферанын жер үстүндөгү катмарынын узак убакытка чейин жылышына өбөлгө түзгөн бийик антициклондун орношуна байланыштуу болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост