Жарым жылда 12 миңге жакын энеге төрөт боюнча жөлөк пул төлөндү
26-жылдын 1-июлуна карата 11 931 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөндү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул максатка республикалык бюджеттен 270,3 млн сом каражат бөлүндү.
Салыштыруу үчүн айтсак, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул түрдөгү жөлөкпулду 13 843 аял алган. Аларды каржылоого республикалык бюджеттен 298,9 млн сом жумшалган.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен аны алууга укугу бар бардык аялдарга толук көлөмдө төлөнөт.