Жыл башынан бери 3 миңге жакын майыптыгы бар жаран акысыз дарыланды

 Жыл башынан бери 3 миңге жакын майыптыгы бар жаран акысыз дарыланды

Кыргызстанда жыл башынан бери майыптыгы бар 2 906 жаран акысыз санаторий-курорттук дарылоодон өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарым жыл ичинде дарылангандардын ичинен 674ү – I топтогу, 2 013ү – II топтогу жана 219у – III топтогу майыптыгы бар жарандар. Алар “Көгүлтүр Ысык-Көл”, К. Мамакеев атындагы жана “Воронцовка” санаторийлеринде дарыланышты.

Министрлик майыптыгы бар жарандарды жолдомо менен камсыздоону үзгүлтүксүз улантууда. Быйылкы тендерлердин жыйынтыгында дагы 3 251 санаторий-курорттук жолдомо сатып алуу боюнча келишимдер түзүлдү. Анын ичинен 2 564 орун Мамакеев атындагы профилакторийге, ал эми 687 орун “Воронцовкага” бөлүнөт.

Эскерте кетсек, жолдомолор өкмөттүн атайын токтому менен бекитилген тартиптин негизинде кезек менен берилип келет.

Связанный пост