Министр: Бир убакта 540 объектте курулуш активдүү жүрүүдө
Кыргызстандын аймагында жалпы 540 объектиде активдүү курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен быйылкы жылы 200гө жакын объекти ишке бериши керек.
“Бардык курулуш объектилеринде видеокөзөмөлдөөчү камералар орнотулгандыктан, жерине барып текшерүү иштерин жүргүзүүгө чоң зарылчылык жок. Негизинен курулушта атайын инспекторлор иштеп, алар жеринен көзөмөлдөп турат. Курулуш объектилеринде орнотулган камераларды үзгүлтүксүз карап турганга аракет кылам. Мисалы, өлкө аймагында курулуш иштери активдүү жүргүзүлгөн 540 объектибиз бар. Анын баарына бир күндөн барганда да, бир жыл жетишсиз болот. Алдыда ишке бериле тургандарына барып, көзөмөлдөп турганга аракет кылам. Курулуштардвн дээрлик көбүндө видео камералар орнотулган. Себеби, өткөн жылдан баштап санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп, механизмдерибиз иштеп жатат. Ошол жерден курулуштарды көрүп турганга мүмкүнчүлүк бар”,- деди Орунтаев.
Ал ошондой эле учурда президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 чоң мектеп курулуп жатканын өз сөзүндө белгиледи. Бул мектептер быйылкы окуу жылына карата ишке берилет.