Чакан ГЭСтердин саны өсүүдө: Быйыл 13 жаңы станция ишке берилет

 Чакан ГЭСтердин саны өсүүдө: Быйыл 13 жаңы станция ишке берилет

Быйылкы жылы жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан ГЭСти ишке берүү пландалса, бүгүнкү күндө алардын үчөө ишке киргизилди. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында ГЭС-3төгү №1 гидроагрегатта жүрүп жаткан капиталдык оңдоо иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Ишке берилген станциялардын катарында Сокулук-3, Туюк жана Кайнама-2 ГЭСтери бар.

Кыргызстанда чакан гидроэлектростанцияларды куруу жана ишке киргизүү иштери акыркы жылдары абдан активдүү жүрүүдө. 2021–2025-жылдар аралыгында республика боюнча жалпы 27 чакан ГЭС ишке берилип, алардын жалпы кубаттуулугу 109,75 МВтты түздү. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп, айрыкча 2024–2025-жылдары кубаттуулуктун кескин көбөйгөнү байкалат.

Мындан тышкары, 2027–2030-жылдар аралыгында дагы 37 чакан ГЭСти куруу мерчемделүүдө.

Бул долбоорлор толук ишке ашса, кошумча 357 МВт электр энергиясынын кубаттуулугу пайда болот:

  • 2027-жылы — 18 станция;
  • 2028-жылы — 10 станция;
  • 2029-жылы — 6 станция;
  • 2030-жылы — 3 станция.

Белгиленгендей, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга жана аймактарды туруктуу электр менен камсыз кылууга чоң салым кошот.

Связанный пост