Чүй облусунда 67 соцобъектте курулуш иштери жүрүүдө
Чүй облусунда калктын санынын өсүшүнө байланыштуу мектептерге, бала бакчаларга жана медициналык мекемелерге болгон муктаждык күч алууда. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ички миграциянын эсебинен облус калкы 1,5 миллиондон ашып, социалдык инфраструктурага болгон жүк кыйла көбөйгөн. Айрым аймактарда 500 окуучуга ылайыкталган мектептерде 1 500гө чейин бала билим алып жатат.
Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында президенттин чечими менен быйыл Чүй облусуна 10 млрд сом бөлүнгөн. Каражат мектептерди, бала бакчаларды жана ооруканаларды курууга жана жаңылоого багытталган.
Учурда облус боюнча 67 социалдык объектте курулуш иштери жүрүүдө. Алардын үчөө медициналык мекемелер. Калган объектилердин басымдуу бөлүгүн мектептер жана бала бакчалар түзөт. Алардын арасында мурда менчикке өтүп кеткендери бар. Алардын баары мамлекетке кайтарылып, кайрадан пайдаланууга даярдалууда.
Элкинбек Аширбаев белгилегендей, жаңы билим берүү объектилеринин бир бөлүгү жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Ошондой эле Новопокровка айылында заманбап жабдуулар менен камсыздалган төрөт үйү, ал эми Сокулук жана Токмок шаарларында жаңы ооруканалар курулуп жатат.