Тарыхый мурастарды коргоо үчүн металл издегичтерге көзөмөл күчөтүлөт

 Тарыхый мурастарды коргоо үчүн металл издегичтерге көзөмөл күчөтүлөт

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде тарыхый-маданий мурас объекттеринде металл издегичтерди жана башка атайын техникалык каражаттарды пайдаланууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын долбоору талкууланды.

Министрликтен билдиришкендей, документтин жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча өткөн жыйынга мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Талкууда металл издегичтердин мыйзамсыз колдонулушу археологиялык эстеликтердин бузулушуна жана баалуу тарыхый маалыматтардын кайтарылгыс жоголушуна алып келип жатканы белгиленди. Археология үчүн табылган буюм гана эмес, анын так жайгашкан орду, тереңдиги жана башка табылгалар менен байланышы да чоң илимий мааниге ээ.

Жыйынтыгында катышуучулар жалпысынан долбоорду колдошту. Алар документ кабыл алынса, тарыхый-маданий мурастарды коргоону күчөтүүгө, мыйзамсыз казуулардын алдын алууга жана өлкөнүн тарыхый баалуулуктарын сактоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Связанный пост