Бакыт Төрөбаев Оштогу үч ири объекттин курулушун көзөмөлгө алды

Бүгүн, 7-июль күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги үч объектини жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алар төмөнкү долбоорлор:

  1. Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол: Максаты — Куршаб айылындагы тыгынды азайтуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу. Учурда алдын ала схема даярдалып, долбоордук-сметалык документтер иштелип жатат. Мамлекеттик экспертизадан өткөндөн кийин курулуш иштери башталат.
  2. Мадыдагы 153,9 га өнөр жай аймагы жана логистикалык борбор: Максаты — жаңы жумуш орундарын түзүү жана инвесторлорду тартуу. Учурда 153,9 гектар жер өнөр жай категориясына которулду. 6 гектар аянтка арматура чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Учурда ички жолдорду куруу иштери жүрүп жатат.
  3. Курбан-Карадан “Ынтымак” КППге чейинки жолдун реконструкциясы: Долбоор Курбан-Кара айылынан “Ынтымак” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейинки 6,9 чакырым 4 тилкелүү жолду оңдоону камтыйт. Иш-чаралардын алкагында асфальт төшөө, тротуар жана лоток салуу, жарыктандыруу орнотуу пландалууда. Бул жол “Ынтымак” чек ара пункту ишке киргенден кийин жүк жана жүргүнчү ташууну жеңилдетип, Кара-Суу районунун транспорттук мүмкүнчүлүгүн бир топ арттырат.

Жыйынтыгында белгиленгендей, бул долбоорлор Ош облусунун транспорттук-логистикалык потенциалын кеңейтип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошот.

Связанный пост