Бакыт Төрөбаев Жалал-Абаддагы ири курулуш объекттерин текшерди
Президенттин атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Бакыт Төрөбаев 6-июлда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында социалдык маанидеги бир катар объектилердин курулуш иштеринин жүрүшүн карап чыкты.
Сапардын жүрүшүндө Манас шаарчасындагы 400 окуучуга ылайыкталган “Акылман” президенттик лицейинин, 5200 орундуу көп функционалдуу спорт сарайынын, жаңы муниципалдык базардын жана узундугу 17 чакырымды түзгөн Мундуз–Кыз-Көл жолунун курулуш аянтчаларына барды.
“Акылман” президенттик лицейинин курулушу бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Окуу комплексинин курулушуyнун бүткөрүлүшү 2026-жылдын жай мезгилине пландаштырылган, андан кийин имарат жаңы окуу жылына даярдалат. Лицейде спорт зал, бассейн, окуучулар үчүн жатакана жана кызматкерлер үчүн жайлар сыяктуу заманбап инфраструктура болот.
Көп функциялуу спорт сарайынын курулушун текшерүү учурунда жогорку сапаттагы жумушту жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоону камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди. Ишке киргизилгенден кийин, имарат спорттук иш-чараларды өткөрүп, аймактын спорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошот.
Ошондой эле жаңы муниципалдык базардын курулушунун жүрүшү каралды. Долбоор заманбап соода жайларын түзүү, санитардык нормалардын сакталышын камсыздоо жана жергиликтүү калкты кошумча жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталган.
Мундуз-Кыз-Көл унаа жолун текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилди.
Бакыт Төрөбаев курулуш нормаларын, долбоордук чечимдерди, сапат талаптарын так сактоо зарылдыгын белгиледи.