Салык кызматы: 60 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү май аныкталды
Мамлекеттик салык кызматы рейд учурунда молекулярдык маркерлер менен маркаланбаган күйүүчү-майлоочу майды ташуу жана сатуу фактыларын аныктады.
Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда маркалоосу жок, жалпы көлөмү 60 миң 508 литр бензин ташып бара жаткан унаа кармалды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул жүктүн базар баасы 3,6 млн сомдон ашат.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда май куюучу жайлардын биринде милдеттүү маркасы жок АИ-92 үлгүсүндөгү 3,5 тонна бензин сатылып жатканы аныкталды.
Бул мыйзам бузуулар атайын анализаторлордун жардамы менен билинген, ошондой эле “Учкун” ААКтын лабораториялык изилдөөлөрү аркылуу да тастыкталды. Күйүүчү майдын курамында молекулярдык маркерлер табылган эмес.
Учурда Салык кызматы тарабынан тиешелүү актылар түзүлүп, бардык материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, өлкөдө бензин менен дизелдик отунду молекулярдык маркерлер менен милдеттүү түрдө маркалоо талабы күчүндө. Мындай маркерлери жок күйүүчү майды алып кирүүгө, ташууга, сактоого жана сатууга толугу менен тыюу салынат.