Президентке кайрылууну Tunduk аркылуу жөнөтүү жол-жобосу ишке кирди

 Президентке кайрылууну Tunduk аркылуу жөнөтүү жол-жобосу ишке кирди

“Түндүк” ААКсы – ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү платформасынын оператору – Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы кызмат ишке киргизилгенин билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, эми жарандар арезиденттин администрациясына расмий кайрылууну кагаз түрүндө тапшырбастан же жеке барбастан, электрондук форматта жөнөтө алышат. Бул жаңы сервис мамлекеттик санариптик трансформация саясатынын алкагында ишке ашырылып, жарандардын мамлекеттик органдар менен болгон байланышын жеңилдетүүгө багытталган.

Кызматтын иштөө тартиби

Бул функция Tunduk тиркемесине авторизацияланган колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Кайрылуу булуттук электрондук кол тамга аркылуу жолдонот. Бул ыкма документтин юридикалык күчүн камсыздап, кайрылган адамдын өздүгүн так аныктоого мүмкүндүк берет.

Кайрылуу жөнөтүү үчүн тиркеменин башкы бетиндеги “Президентке кайрылуу” бөлүмүн тандап, төмөнкү кадамдарды аткаруу зарыл:

  • кайрылуу тууралуу негизги маалыматтарды толтуруу;
  • темасын жана мазмунун жазуу;
  • зарыл болсо, кошумча документтерди тиркөө;
  • социалдык макамын жана документтин түрүн көрсөтүү.

Кайрылууну кабыл алуучу орган – президенттин администрациясы – система тарабынан автоматтык түрдө аныкталат. “Кайрылууну түзүү” баскычы басылгандан кийин документ “Түндүк” платформасынын корголгон каналдары аркылуу тиешелүү дарекке жөнөтүлөт.

Жаңы кызматтын артыкчылыктары:

  • кайрылууну өлкөнүн каалаган жеринен бир нече мүнөттө жөнөтүү мүмкүнчүлүгү;
  • кабылдамага жеке баруунун же почта кызматын колдонуунун зарылчылыгы жоктугу;
  • автоматтык багыттоо тутуму аркылуу кайрылуунун дарекке тез жетүүсү;
  • электрондук кол тамга аркылуу жеке маалыматтардын коопсуздугун жана документтин юридикалык күчүн камсыздоо.

“Бул сервис мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнүн алкагында кабыл алынган маанилүү кадам болуп саналат. Ал жарандардын мамлекеттик башкарууга катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, административдик чыгымдарды азайтууга жана кайрылуулар менен иштөөнүн ачыктыгын жогорулатат”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост