Өлкөдө 24 топтогу товарга утилизациялык төлөм киргизилди
Кыргызстанда 24 топко кирген товарлар үчүн милдеттүү утилизациялык жыйым киргизилди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен эскертишкендей, өлкөдө өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды товарлар менен таңгактар колдонулгандан кийин аларды кайра иштетүүгө жоопкер кылган мамлекеттик механизм – Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системасы иштей баштаган.
Министрлер кабинетинин токтому менен бул системага кирген 24 товардык топтун тизмеси бекитилген. Алар аккумуляторлор жана автошиналар, майлоочу майлар, пластик жана картон таңгактар, тиричилик техникалары жана башкалар.
Төлөмдөр импорттоочулар – товарлар өлкө аймагына киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде, ал эми өндүрүүчүлөр – ар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин төлөөгө милдеттүү.
Бул системаны ишке ашыруу Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу “Эко Оператор” мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн. Түшкөн каражаттар таштандыларды кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза технологияларды киргизүүгө багытталат.
Министрлик төлөмдү өз убагында жүргүзбөө мыйзамга ылайык административдик жоопкерчиликке алып келерин эскертет.