ӨКМ 7-8-июль күндөрү сел жүрүү коркунучун эскертти
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-июль күнү түштөн кийин жана 8-июлда өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, абанын температурасынын жогорулашы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.